«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, аэропорт боюнча өз пикирин, көз карашын билдирди.

Анда Жапаров бүгүнкү күндө аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштай турганын, эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынаарын айтат.

“Азыркы учуп-конуу тилкебизге кичине эле туман болсо учак коно албайт. Алматыга барып конуп жатышат. Мындан сырткары, жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат.

Бүгүн биз 100% өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 млрд сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50% үлүшүбүз менен эле 8 млрд сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт. Учактардын учуп-конуусу көбөйөт.

Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат.

Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл деп жатабыз. Алар: “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз” деп жатышат. Тагыраагы, үстүнө пайда көрбөй калабыз деп жатышат.

Азыр биз дагы 29 жылга келишим түзсөк, алар салган инвестицияларынын үстүнө канча пайыз пайда табышарын санап, эсептеп жатабыз. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз.

Түшкөн пайданы 50/50 менен бөлүшөбүз деген келишим түзөлү деп жатабыз. Башкарууну да чогуу кылабыз. Эмне алар аэропортторду көтөрүп кетмек беле. Биздин көзөмөлдө болот. Өмүр бою бизде калат. Дүйнө жүзүндө эң чоң аэропорттор ушундай жолдор менен курулган. Азыр да ушундай үлүштөр менен иштеп келе жаткан өнүккөн аэропорттор бар”, – дейт министрлер кабинетинин жетекчиси өзүнүн маегинде.


Economist.kg мурда кабарлагандай, министрлер кабинети Түркиянын YDA Group компаниясы менен «Манас» жана «Ош» аэропортторун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Өнөктөштүктүн шарттарына ылайык, эки жылдын ичинде YDA Group 450 млн доллардан 1 млрд долларга чейин инвестиция салып, эки аэропортту толук реконструкциялоону ишке ашырышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө