Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды - учуу убактысы 40 мүнөт

Алматыдан Ысык-Көлгө аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас” Эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан (Казакстан) биринчи каттамды кабыл алды.

SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт.

Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.


Эске салсак, өткөн жылы SCAT авиакомпаниясы Алматыдан Ысык-Көлгө сезондук аба каттамдарын жумасына үч жолу аткарган болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды