Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө 10 млн евро грант берет
Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга агрофинансылык секторду өнүктүрүүгө грант бөлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2022-жылдын 6-апрелинде КР менен Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) ортосунда агрофинансылык секторду колдоо үчүн 10 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каржылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган. «Аталган «Агрофинансылык кошумча нарк чынжырчасы, 2-фаза» долбоорунун максаты