Министрлер кабинетине «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу тапшырылды
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Тескеменин максаты жана тапшырмасы — КРга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку