акыркы жаңылыктар

Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстандан 317 млн долларга товар сатып алган – мурдагы жылга караганда 68%га көп

Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстандан 317 млн долларга товар сатып алган – мурдагы жылга караганда 68%га көп

2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 497 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын акимдер Кеңешинин, КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген төртүнчү жыйынынга катышуу учурунда айтылды. 2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын

«А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанкты» кошумча 80 млн сомго капиталдаштырат

«А Плюс» камсыздандыруу компаниясы «ФинансКредитБанкты» кошумча 80 млн сомго капиталдаштырат

«ФинансКредитБанк» ААКтын негизги акционери болгон «А Плюс» камсыздандыруу компаниясы банкты кошумча 80 млн сомго капиталдаштырмакчы. Мындай чечим 30-мартта «ФинансКредитБанктын» акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда кабыл алынды. Жөнөкөй акциялардын жеке эмиссиясынын натыйжасында банктын уставдык капиталы 790 млн сомго чейин көбөйөт. Акциялар 2023-жылдын 31-мартына чейин жабык жазылуу жолу менен жайгаштырылат.

Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомду түздү

Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомду түздү

Кыргызстанда доллардын курсу 84-86 сомду түздү. Бүгүн, 4-апрель күнү эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар жана банктар америкалык валютаны орто эсеп менен 84 сомдон сатып алып, 86 сомдон сатууда. Саат 09:30га карата valuta.kg сайтынын маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы орто эсеп менен сатып

Ошто контрафакттык тамеки жана алкоголдук суусундуктар сатылган жай табылды

Ошто контрафакттык тамеки жана алкоголдук суусундуктар сатылган жай табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын аймагында ар кандай аталыштагы жана маркадагы контрафакттык алкоголдук продукциялардын жана контрабандалык тамекилердин сатылышына бөгөт коюшканын МСКнын маалымат кызматы билдирди. «Шоколад» базарынын аймагында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жергиликтүү алкоголдук өндүрүүчүлөрдүн (АЮ, Кыргыз конягы, Семетей ж.б.) кустардык өндүрүштөгү алкоголдук продукциясын сактоо, сатуу фактысы аныкталган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн

2021-жылы кен  иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн

2021-жылы кен иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн

2021-жылы кен иштетүүдөн бюджетке 23 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 3-апрелде, тоо-кен тармагынын кызматкерлерин КРнын Геологунун күнү менен куттуктоо сөзүндө билдирди. Куттуктоо сөзүндө Жапаров учурда ата мекендик тоо-кен — геология комплексин капиталды көп талап кылган ишканалар түзөөрүн жана алар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча

Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет

Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет

Бул жылы дыйкандар күрөөсүз шартта 300 миң сомго чейин насыя ала алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт-логистика тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылды. Жолугушууда тараптар айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Индияда өтүп жаткан чоң фестивалда КРнын кол өнөрчүлөрү катышууда

Индияда өтүп жаткан чоң фестивалда КРнын кол өнөрчүлөрү катышууда

19-марттан 4-апрелге чейин Индиянын Харьяна штатындагы Фаридабад шаарында жыл сайын өтүүчү 35-Эл аралык «Суражкунд Мела» аттуу салттуу кол өнөрчүлүк фестивалында кыргыз кол өнөрчүлөрү да өз эмгектерин көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. «Көргөзмөдө Кыргызстандык кол өнөрчүлөр улуттук кийим-кече жана тиричилик буюмдарын, ошондой эле кургатылган мөмө-

КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү

КРнын жарандарына Улуу Британиянын айыл чарба тармагында иштеп келүүгө 1000 квота бөлүндү

Үстүбүздөгү жылы КРнын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы мезгилдик жумуштарга иштеп келүүсү үчүн 1 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.  Акматбеков 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлгөнүн, ага ылайык, жарандар 6 айга чейин айыл чарба жумуштарында

Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолу 4%га төмөн болушу мүмкүн – ЕРӨБ

Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолу 4%га төмөн болушу мүмкүн – ЕРӨБ

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандын экономикасынын өсүү болжолун 4%га төмөн болоорун билдирди. Бул тууралуу ЕРӨБдүн акыркы макроэкономикалык отчетунда айтылат. Жылдын акырына чейин республиканын ИДПсынын өсүшү 1%ды гана түзөрү күтүлүүдө. Ошол эле учурда Moody’s эл аралык рейтинг жүргүзүүчү агенттиги да 1% төмөндөө болорун

Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди

Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди

КРнын Улуттук банкына топтолгон 271.7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ААКга өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган чечимдин алкагында, Финансы министрлигине «Айыл банк» ААК менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган. «Айыл банк» алынган финансы каражаттарын айыл

Улуттук банк Анри де Куртивронду KICB банкынын аудит боюнча комитетинин төрагалыгына бекитти

Улуттук банк Анри де Куртивронду KICB банкынын аудит боюнча комитетинин төрагалыгына бекитти

Улуттук банк Анри де Куртивронду KICB банкынын аудит боюнча комитетинин төрагалыгына бекитти. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди. «Улуттук банк «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАК тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын аудит боюнча комитетинин төрөгасы кызмат ордуна сунушталган Анри де Куртиврондун талапкерлигине 2022-жылдын 30-мартында макулдук берүү чечимин кабыл

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1435 батир курууну пландап жатат. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын төрайымы Аида Төлөгөнөва «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, программанын алкагында жарандарды 5 жылда 15 миңден кем эмес үй менен камсыз кылуу планы коюлган. Ошондой эле 2021-жылы 1 млрд 600 млн сом өлчөмүндө 732