акыркы жаңылыктар

Мамлекеттик салык кызматы 4 179 куту жараксыз таттууларды аныкташты

Экономика

Мамлекеттик салык кызматы 4 179 куту жараксыз таттууларды аныкташты

Мамлекеттик салык кызматы мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда инспекторлор 4 миң 179 куту мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды аныкташкан. Жүктүн жалпы салмагы болжол менен 11 тоннаны түзгөн. Бирок коштоочу документтерде ташуучу 7 тонна гана деп

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Коом

Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр. Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Бизнес маек

“Баары кыялдан башталган”. Жаркынай Ибрагимова жеткен ийгиликтин таттуу сыры

Кызыл-Кыянын тургуну Жаркынай Ибрагимова 2023-жылдан бери торт жасап келатат – бир нече жыл бою ал жергиликтүү кофеканаларга өз өндүрүмүн чакан көлөмдө бышырып сатып келген. Күйөөсүнүн колдоосу жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) кошо каржылоо боюнча сыноо иретиндеги “1+1” демилгесине катышканы ага чоң кыялын ишке ашырганга жардам берди. Ишкер келин кондитер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Гранттар жана кредиттер

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 3% менен жеңилдетилген насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизинде мамлекеттик "Элдик Банк" асыл тукум мал чарбасын колдоого багытталган жеңилдетилген насыялоо программасын ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Программа боюнча пайыздык чен жылына 3%ды (ЖПЧ – 3,04%) түзөт. Жеңилдетилген насыя Министрлер Кабинети бекиткен

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Энергетика

Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө

Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет. Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт

Талантбек Солтобаев Таластагы жол курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын алкагында министр Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмү жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен биргеликте жүрүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен таанышты. Министр "Суусамыр–Талас–Тараз автожолун реконструкциялоо, IV

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Экономика

Д.Бекешев: Кара куурайдан кийим өндүрүүнү тездетишибиз керек

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында өнөр жайлык негизде кара куурайдан (техникалык каннабистен) кийим-кече өндүрүүнү тездетүүгө чакырды. Анын айтымында, техникалык каннабисти ар түрдүү тармактарда колдонууга болот. "Мисалы, кийим, сумка тигүүгө пайдаланса болот. Азыр тигүүчүлөр кездемени башка өлкөлөрдөн сатып алып жатышат. Өзүбүздүн чийки затты колдонсок болмок. Айыл чарба министрлиги бул

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Бизнес маек

Келечекте “Баткен тоо балы” брендин эл аралык рынокко чыгарам – Азамат Алимбек уулу

Жоопкерчиликти, эмгекти жана өз жеринде ишкерлик баштоонун мүмкүнчүлүгүн миграция тажрыйбасы менен айкалыштырган мекендештерибиз аз эмес. Алардын бири Баткен облусунун Газ айылынын тургуну Азамат Алимбек уулу. Ал Орусияда жана Англияда эмгектенип жүрүп чогулткан акчасы менен тажрыйбасын кичи мекенинде балчылык ишин баштоого жумшады. Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “1+1” пилоттук программасынын

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Бийлик

Адылбек Касымалиев кытайлык холдинг менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Guangdong Holdings Limited" кытай холдингинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды. Холдингдин өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика тармагындагы потенциалын жогору баалап, гидроэлектростанцияларды жана суу менен камсыздоо системаларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Кыргызстанда 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берилет

Кызыктуулар

Кыргызстанда 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө уруксат берилет

Кыргызстандыктарга 15 түрдөгү дары чөптөрдү өстүрүүгө жана культивациялоого уруксат берүү пландалып жатканын ЖКнын отурумунда "Өсүмдүктөрдү коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Агротүшүмдү өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланган учурда белгиленди. Айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, сөз валериана, календула, шалфей, шафран,

"Бишкек жашыл курулуш" жоогазындарга буйрутма ала баштады

Коом

"Бишкек жашыл курулуш" жоогазындарга буйрутма ала баштады

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата жоогазындарга буйрутма кабыл ала баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Майрамга даярдык көрүү максатында ишкана жаңы кесилген жоогазындарды төмөнкү баада сунуштайт: Дүң баа – 100 даана жана андан көп буйрутма бергендер үчүн бир даанасы 75 сом; Чекене баа – 100

Былтыр Лейлектин Кең-Талаа айылындагы 100 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Экономика

Былтыр Лейлектин Кең-Талаа айылындагы 100 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

2025-жылы Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа айыл аймагында 100 гектар жер аянтына заманбап тамчылатып сугаруу системасы толук орнотулуп, пайдаланууга берилди. Долбоордун алкагында көлөмү 12 000 м³ болгон 1 даана суу резервуары курулуп, сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлдү. Мындан тышкары, Аракет айыл чарба коммерциялык кооперативи менен түзүлгөн келишимдин негизинде бак-дарактарды