акыркы жаңылыктар

Депутат: «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты – аны менчиктештирүү

Депутат: «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты – аны менчиктештирүү

«Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси – аны менчиктештирүү. Бул тууралуу бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап жатканда депутат Султанбай Айжигитов билдирди. Депутат Конституциянын 16-беренесине ылайык, жайыттар менен токойлор менчиктештирүүгө мүмкүн эмес жана ага тыюу салынганын баса

Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат

Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат

Кыргызстандыктар эми улуу Британияда сезондук айыл чарба тармагында легалдуу иштей алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Документке Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койду. Эдил Байсалов белгилегендей, бул кызматташтык кыргыз-британ мамилелерин бекемдейт. «Бүгүнкү күндө мекендештерди

Кыргызстандагы эгиндин запасы 6 айга жетет, Россиядан дагы 300 миң тонна дан келет – министр

Кыргызстандагы эгиндин запасы 6 айга жетет, Россиядан дагы 300 миң тонна дан келет – министр

Кыргызстандагы дан запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары, Россия дагы 300 миң тонна буудай берет. Бул тууралуу кечээ, 16-мартта «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Министр айрым товарлардын жетишсиздигине байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай өбөлгө жок экенин баса белгиледи. «Биз жеткирүүчүлөр

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду түзүлдү

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду түзүлдү

«КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди. «Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет», – деп айтылат билдирүүдө. Берилген маалыматка ылайык, фонддун иш-чаралары региондордо туристтерди

Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Бизнес маек

Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Кечээ, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өттү. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду. Форумдун алкагында, Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Эльдар Абакиров Кыргызстандын экономикасындагы азыркы кырдаал тууралуу оюн бөлүштү. Абакировдун айтымында,

Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди. МСКнын билдиргенине караганда, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан. Жалпы суммасы 3.4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

Кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124 сомдон сатылат – баалар белгиленди

Кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124 сомдон сатылат – баалар белгиленди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан чыгарылган кум шекердин жана өсүмдүк майынын баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, ички рынокту толтуруу максатында Министрлер кабинети рынокко товардык интервенция жүргүзүүгө буйрук берген. «Калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо максатында, кум шекер рыногундагы баанын учурдагы абалын, минималдуу

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө тапшыруулары зарыл. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди. Себеби, жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып, салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү тапшырууга өтүшкөн. Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн Salyk.kg «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек.

Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Бүгүн, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өтүүдө. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду. Форумдун алкагында, «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов учурдагы кырдаалдын таасиринде калган улуттук валютанын абалы жана буга

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган кредитке Кытайдан автобус алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, ЕРӨБ тарабынан автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерге ылайык, 6 мамлекетке тендердик документация жөнөтүлгөн. «Европага, Россия, Белорусия, Корея, Кытайга жөнөтүлгөн. Бирок

КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан «кээ бир кишилер» 1000 доллардан чөнтөгүнө алышат – депутат

КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан «кээ бир кишилер» 1000 доллардан чөнтөгүнө алышат – депутат

Кытайдан КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан республикалык бюджетке 3800 сом гана түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди. Депутаттын билдиргенине караганда, Бажы тармагындагы коррупция жок болуп кеткен жок. «20-25 тонналык фурадан бюджетке 3800 сомдон гана түшөт. Бирок «кээ бир

«Камбарата ГЭС-2» долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу жактырылды

«Камбарата ГЭС-2» долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу жактырылды

«Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Кечээ, 15-марттагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «2017-жылдын