Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык мекенине кайтып келди
Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык келе жатышат. Алар учурда кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекетинен өтүшүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов эвакуациялангандар автобус менен Бишкекке жеткирилерин билдирген эле. Башкы консул Алматыда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотуларын маалымдаган эле. Алардын саламаттыгы жайында