акыркы жаңылыктар

«Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык

«Манас» аэропорту: Быйыл 3 млрд 136 млн сом киреше алдык

«Манас» эл аралык аэропортунун» кирешеси 2021-жылы туунду компанияларды эсепке албаганда, 3 млрд 21 млн сом, туунду компаниялар менен бирге 3 млрд 136 млн сомду түздү. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын Генералдык директору Бакыт Шаршеев билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы ишкананын тарыхында эң жакшы көрсөткүч болуп, туунду ишканаларды кошкондо 2 млрд

Монополияга каршы агенттик: КРда бензиндин кескин кымбатташына жол берген жокпуз

Монополияга каршы агенттик: КРда бензиндин кескин кымбатташына жол берген жокпуз

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы эле Россиядагы баага салыштырмалуу кымбат. Ошентсе да баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол берилген жок. Мындай маалыматты берген Монополияга каршы кызмат ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана коңшу республикалардагы баалар боюнча кезектеги баяндамасын даярдады. Алсак, Аи-92 күйүүчү майынын литринин баасы 60.1 сом, АИ-95 – 64.5 сом болсо, Россияда

«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди

«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди

«Улуттук энергохолдинг» Токтогулдан Казакстанга кошумча агызылып берген суу тууралуу комментарий берди. Эскерте кетсек, Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирген. Компания ресурстарды сактоо жана суу сактагычтын терең түгөнүшүнө жол бербөө максатында үстүбүздөгү жылдын март айында Казакстандын энергетикалык компаниялары менен электр энергиясын алуу боюнча келишимге

Жер салыгынан бошотуудан үч жылда бюджетке 1 млрд сом түшпөй калат

Жер салыгынан бошотуудан үч жылда бюджетке 1 млрд сом түшпөй калат

Дыйкандарды жер салыгынан бошотуудан 3 жылда орточо эсеп менен 1 млрд сом бюджетке түшпөй калат. Бул туурасында Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов «Марал» радиосуна билдирди. Анын радиого берген маалыматына таянсак, бул жарлык түздөн-түз 349 дыйкан-фермердик чарбага, 328 айыл чарба кооперативине, 206 үрөн чарба

Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат. Бул билдирүүдө Мамин «эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгын, анын ичинде Сырдарыя,

Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот

Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот

Кыргызстан Европага салыштырмалуу 1 чарчы метрге 4 эсе көп электр энергиясын колдонот. Мындай маалыматты бүгүн, 8-декабрдагы Жогорку Кеңештнин жыйынында Энергетика министрлигинин өкүлү билдирди. Жыйында депутаттар электр энергиясын үнөмдөө, күн энергиясын колдонуу тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевге бир катар суроолору менен сунуштарын беришти. Депутат Самат Исманов ар башка

Акылбек Жапаров: Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар

Акылбек Жапаров: Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар

Республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген

Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 700 миң евро берет

Евробиримдик Кыргызстанга чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө 700 миң евро берет

Европа Биримдиги Борбор Азиядагы чек араны башкарууга көмөк көрсөтүү программасына (БОМКА) катышкан беш өлкөгө Латвия менен Литванын каржылык колдоосу менен 22 млн евро бөлдү. Бул тууралуу программанын 10-фазасынын бет ачарында белгилүү болду. Берилген маалыматка ылайык, ар бир мамлекеткен 700 миң еврого чейин техникалык колдоо да көрсөтүлөт. Евробиримдиктин аймактык программасы

12 кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен билим алышты

12 кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен билим алышты

Эң мыкты кыргызстандык IT-стартапчылар Кремний өрөөнүнүн эксперттеринен окууну аяктап жатат. Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясы (ПККИКА/КАРПОУ/KSSDA) АКШдан менторлор менен эки жумалык онлайн тренингдин жыйынтыгын чыгарууда. Окутуучулар катары Кремний өрөөнүнүн стартап акселератору болгон US Market Access Center дин (USMAC) негиздөөчүлөрү – Крис Берри, Альфредо Коппола

Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү

Улуттук банк 2021-жылдагы эң ири интервенцияны жүргүздү

Кыргызстандын Улуттук банкы декабрда биринчи жана бир жыл ичиндеги эң ири интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды. Белгилей кетсек, быйыл Улуттук банк валюта рыногуна 14-ирет чыгып, 71.3 млн доллар сатты. Акыркы жолу жөнгө салуучу 26-ноябрда интервенция жасаган, анда келишим 44.6 млн долларды түзгөн. Улуттук

«Манас» аэропорту Нурсултан Назарбаев аэропорту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«Манас» аэропорту Нурсултан Назарбаев аэропорту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

«МЭА» ААКнын жетекчилиги Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортунун 90 жылдыгына карата 2-4-декабрда Казакстандын аэропортунда болушту. Бул тууралуу «МЭА» ААКнын маалымат кызматы кабарлады. Иш сапардын алкагында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев, «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропорту» АК Башкармалыгынын төрагасы Габит Тажимуратов менен жолугушту. Жыйынтыгында кызматташуу

2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырылган

2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырылган

Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Салык төлөөчүлөр 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырышкан. Республикада 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 519 миң 60 жана 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 495 миң 445 бирдиктүү салык декларациясы тапшырылган. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияны 50 миң 525