Казакстандын премьери Жапаровго Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүдө ал Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берип жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Бул билдирүүдө Мамин «эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгын, анын ичинде Сырдарыя, Шу жана Талас трансчегаралык дарыяларынын суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча ыкчам иш-чараларды биргелешип кабыл алууну жогору баалай турганы» белгиленген.

«Кыргыз тараптын Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергени Казакстандын түштүк облустарынын дыйкандарынын сугат сууга болгон муктаждыгын кургакчылык мезгилде  канааттандырууга мүмкүндүк бергени белгиленди», – деп айтылат Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү