Министрлер кабинети кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүн көбөйтүү маселесин көтөрдү
Министрлер кабинети кыргыз-кытай чек арасындагы товарлардын өтүшүн көбөйтүү маселесин кайрадан көтөрдү. Кечээ, 9-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. «КР Кытайды негизги соода-инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен инвестициялык