акыркы жаңылыктар

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Коом

Кыргыз геологиялык кызматы менен көмүр компаниялары кышкы даярдыкты талкуулашты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз геологиялык кызматы менен өлкөдөгү ири көмүр казып алуучу ишканалардын өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууга Геологиялык кызматтын директорунун орун басары А.Ж. Курманалиев, жер казынасын иштетүү башкармалыгынын начальниги А.С. Сакимбаев жана көмүр тармагындагы негизги ишканалардын жетекчилери катышты.

АКШда кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столу өттү

Экономика

АКШда кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столу өттү

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-америкалык Ишкердик кеңешинин тегерек столун өткөрүп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, соода алакаларын бекемдөө жана жаңы долбоорлорду ишке

ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?

Коом

ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?

Россия өздөрүн “ишенимдүү өнөктөш” катары көрсөткөн өлкөлөрдөгү русофобиялык жүрүм-турумдарга мындан ары чара колдонот. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин акыркы чакырылышындагы үч депутаты — Жанарбек Акаев, Мирлан Самыкожо жана Чолпон Султанбекова — мындан ары Россия Федерациясына киришине тыюу салынды. Мындай билдирүүнү Россиянын ЖМК булактарында жазып чыгышты. Маалыматка караганда, буга Борбор Азия аймагында русофобиянын жайылышы жана

2025-жылдын  III чейрегинде КРда нак акчанын жүгүртүлүшү көбөйдү

Экономика

2025-жылдын III чейрегинде КРда нак акчанын жүгүртүлүшү көбөйдү

2025-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 290 191,1 млн сомду түзгөн, анын ичинен 26 648,5 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 263 542,5 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиге салыштырганда 51 785,6 млн сомго же 24,5 пайызга көбөйгөн)

Токмокто 1905 батирлүү ипотекалык комплекс курулууда

Коом

Токмокто 1905 батирлүү ипотекалык комплекс курулууда

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Токмок шаарындагы ипотекалык турак жай комплексинин курулушу менен таанышты. Аталган комплексте 29 блоктон турган турак жайлар курулууда. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Жалпы долбоорго ылайык: * 1905 батир курулууда; * 9 блок 9 кабаттуу, 20 блок 15 кабаттуу; * ар бир кабатта 5 батир жана ар

Жер мунапысы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат

Коом

Жер мунапысы боюнча тактоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин адистери райондук администрациялардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте жер-жерлерде тактоо иштерин улантып жатышат. Бүгүнкү күндө адистерден турган жумушчу топ Ак-Ордо, Лесхоз, Учкун, Ак-Жар жана Орто-Сай конуштарында  жер тилкелерин тактап жатышат. Эскерте кетсек, жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде

7-8- ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

Кызыктуулар

7-8- ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди жыл сайын Кыргызстанда 7-8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен “Ишкер медианын” жалпы жамааты куттуктайт. Кыргыз эли өзүнүн кылым карыткан тарыхында далай орчундуу окуяларды башынан өткөрдү. Өз тарыхыбызды эскерип, ата-бабаларыбызды урматтоо, алардын эрдигине таазим кылып, мураска келген байлыгыбызды барктап, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү - ар

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды

Коом

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылгандарга айып пул салынды

Кечээ, 6-ноябрда Ошто Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу инспекторлор жана “Барс” тобунун кызматкерлери рейд жүргүзүштү. Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, ар бирине 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды. Мыйзамсыз атылган 8 кекилик үчүн 16 000 сом өлчөмүндө

Бишкекте экстремизм жана терроризмге каршы семинар-тренинг өттү

Коом

Бишкекте экстремизм жана терроризмге каршы семинар-тренинг өттү

Бишкек шаарында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана кызматташууну чыңдоо максатында семинар-тренинг уюштурулду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага шаар мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана райондук администрациялардын өкүлдөрү катышты. Семинарда социалдык факторлордун экстремизмге таасири, жаштар менен алдын алуу иштерин уюштуруу, репатриациядан кийин жарандардын коомго кайра адаптацияланышы

Баткенде электр тармагынын жаңы имараты курулууда

Энергетика

Баткенде электр тармагынын жаңы имараты курулууда

Энергетика министрлигинин демилгеси менен "КУЭТ" ААКнын Баткен электр тармактары филиалы 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Алардын бири – Лейлек райондук электр тармагынын Өзгөрүш участогунун жаңы имараты. Учурда курулуш кызуу жүрүүдө жана декабрда пайдаланууга берилет. Жаңы имарат кызматкерлер үчүн эс алуу бөлмөлөрү, шаймандарды сактоочу жай, санитардык-гигиеналык түйүндөр жана

Балык чарбаларында ветеринардык жана биологиялык талаптар текшерилди

Коом

Балык чарбаларында ветеринардык жана биологиялык талаптар текшерилди

4-7-ноябрда мамлекеттик токой фондуна таандык Токмок дарыясынын куймасында жайгашкан балык чарба субъекттеринде пландык мониторинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаменти, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы, ошондой эле Ветеринария, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери тарабынан уюштурулду. Мониторингдин алкагында балык чарбалардын ишмердүүлүгү

ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык төлөмдөрү жөнгө салынды

Экономика

ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык төлөмдөрү жөнгө салынды

2021-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жумушчуларынын пенсиялык укуктарын жөнгө салуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бул документ Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларустун биримдикке мүчө өлкөлөрүндө эмгектенген жарандардын пенсиялык укуктарын өз ара таанууну камсыздайт. Кыргызстанда макулдашуу кантип ишке ашырылат? Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан