акыркы жаңылыктар

Райондук судья 26 миң доллар пара алып кармалды

Коом

Райондук судья 26 миң доллар пара алып кармалды

УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схема аныкталганы маалым болду. УКМКнын билдиришинче, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жаран Т.М.Т.га эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылып,

Илимий мекемелерге финансылык көзкарандысыздык берилди

Коом

Илимий мекемелерге финансылык көзкарандысыздык берилди

2026-жылдын 6-апрелинде КРнын Президентинин №135 Жарлыгы кабыл алынып, илимий ишти реформалоо жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер бекитилди. Улуттук Илимдер Академиясы тараткан маалыматка ылайык, жарлыктын натыйжасында, ата мекендик илимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү арттырылып, илим, билим берүү жана өндүрүш тармактарынын байланышы чыңдалат. Ошондой эле илимий башкарууну оптималдаштыруу максатында бир

Кыргызстанда былтыр  1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар  козголду

Коом

Кыргызстанда былтыр 1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар козголду

2025-жылы укук коргоо органдары кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча 1 миң 359 кылмыш ишин козгогонун Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирген. Анын айтымында, бул категориядагы иштер боюнча (мурдагы жылдарды кошкондо) 1 миң 710 иштин тергөөсү

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Транспорт

Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды

Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды. Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат. Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

Саясат

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

2025-жылы Бишкекте 4 миң 66 дарак кесилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 197,7% көп экени шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программаны жүзөгө ашыруу отчетунда айтылат. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миң 771 дарак, ал эми 2024-жылы 1 миң 366 дарак кесилген. Чиновниктердин пикиринде, бул "жашыл

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык  жигитти куттуктады

Саясат

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык жигитти куттуктады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту.  Министрлер Кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Экономика

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу. Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу

Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Экономика

Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Министрлер кабинети республиканын бюджетинен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин тартибин өзгөрттү. Документ 2025–2030-жылдарга региондорду өнүктүрүү программаларына ылайык келтирилип, өзгөчө шарттагы аймактарды колдоону күчөтүүгө багытталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, каражаттарды бөлүүдө артыкчылык: * шаарларды өнүктүрүүгө; * өсүш борборлоруна; * тоо аймактарына, жетүү кыйын аймактарга; * чек ара райондоруна берилет. Трансферт бөлүү жөнүндө чечим Министрлер кабинети

Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Экономика

Кыргызстан, Германия соода-сатыгы эки жылда 2,5 эсеге өстү – Ө. Текебаев.

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Германиянын соода-сатыгы 5-10 эсеге өскөнүн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал элчиликтин 2022-25-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып жатып, соңку учурларда Германия биздин өлкөгө болгон приоритеттерин өзгөртүп, саясий деңгээлде жана соода-сатык тармагында активдешүү башталганын билдирди. “2018-жылы сооданын

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Экономика

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны 30 миңге жакындады

Германиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп, дээрлик 30 миңге жеткенин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, акырык 3-4 жыл аралыгында эки өлкөнүн ортосунда саясий багыттагы иштер бир кыйла жакшырган. “Жогорку деңгээлде, президенттин, өкмөт башчысынын жана мүчөлөрүнүн, Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сапарлары байма-бай

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Экономика

Кыргызстанда күйүүчү май жакынкы күндөрү кымбаттайбы?

Дүйнөдө мунай кымбаттап жатканына байланыштуу күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда да көтөрүлөрүн "Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын" президенти Канат Эшатов Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Баалардын кескин кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн нефтетрейдерлер кыргыз өкмөтүнө сунуш киргизип, күйүүчү майды акциз жана салыктардан убактылуу бошотууга чакырган. "Салыктар жана акциздер баалардын 25%

Жогорку Кеңеш комитети  28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Экономика

Жогорку Кеңеш комитети 28,2 млн долларлык макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ менен өзгөчө кырдаалдарда Кыргызстанды колдоо тууралуу гранттык макулдашууну үч окууда тең жактырды. Каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү үчүн 28,2 млн доллар өлчөмүндө грант бөлөт.