акыркы жаңылыктар

«Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотур уюштурулат

Коом

«Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотур уюштурулат

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана «Хан-Тенгри Нарын» ЖЧКсы менен биргеликте «Эки Нарын 2026» аттуу үй-бүлөлүк велотурду уюштурат. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, жарыш 2026-жылдын 4–7-май күндөрү Нарын шаары жана ага чектеш туристтик маршруттарда

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Экономика

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт. "Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар.

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

Экономика

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Коом

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык"

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Коом

Аламүдүндө уруксатсыз иштеген объектилер жабылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Аламүдүн районундагы курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарынын талаптары жана уруксат берүүчү документтердин бар-жогу каралды. Жыйынтыгында “Күмүш Булак” эс алуу жайы жана “Таш-Дөбө

Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Банктар

Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валюта качан жүгүртүүгө чыгарылат?

Кыргызстанда улуттук валюта, сомду өз аймагында чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. КРнын Улуттук банкынан маалыматына караганда, бул аракет КРнын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген банкнотторду өлкө ичинде даярдоо боюнча буйругун аткаруу алкагында жүзөгө ашырылууда. Улуттук банк учурда жаңы банкнотторду чыгарууга байланышкан бардык уюштуруу жана техникалык иштерди жүргүзүп жатат. Ал эми жаңы

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Коом

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Учурда объекттин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык, ири панелдүү типте курулду. Имаратта кең окуу класстары, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Коом

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди. Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү. Анын ичинен: * кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу; * орус тилинде — 29,1 миң катышуучу. Мындан тышкары: * 7 миң

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Экономика

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Коом

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Экономика

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда.