акыркы жаңылыктар

Талас облусунда «Жерүй» чакан ГЭСтер комплексин куруу башталды

Энергетика

Талас облусунда «Жерүй» чакан ГЭСтер комплексин куруу башталды

Талас облусунда Кыргызстандын кайра жаралуучу энергетика тармагындагы уникалдуу долбоорлордун бири болгон «Жерүй» чакан гидроэлектростанциялар комплексинин курулушуна старт берилди. Капсула салуу аземи 2-апрелде болочок энергетикалык объекттин аянтчасында өттү. Долбоорду «Альянс Гидро» ЖЧКсы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ), «Альянс Алтын» компаниясы жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКнын катышуусунда ишке ашырууда. Иш-чарага

Кыргыз фондулук биржасы капиталды 30%га жеткирүүнү көздөйт

Экономика

Кыргыз фондулук биржасы капиталды 30%га жеткирүүнү көздөйт

Талантбек Омуралиев 3-апрелде ЖМКларга берген маегинде фондулук рыноктун экономикадагы ролу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана инвестицияларга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү тууралуу айтып берди. Ал өнүккөн өлкөлөрдө фондулук рыноктун капитализациясы ИДПнына 100% жакындаса, Кыргызстанда биржа ишке кирген учурда бул көрсөткүч болгону 7% чамасында болгон. Башкы максат — капитализацияны ИДПнын 30% деңгээлине чыгаруу. "

Парламент ишкерлер менен тыгыз кызматташат

Саясат

Парламент ишкерлер менен тыгыз кызматташат

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өткөнүн парламенттен билдиришти. Жыйынга төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, министрлер кабинетинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  Төрага аталган Кеңеш 2017-жылы бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу максатында түзүлгөнүн эске салды. Ошону менен

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Банктар

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Коом

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

Кыймылсыз мүлк

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Экономика

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Коом

Бишкекте "экинчи Ботаникалык бак" түзүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын питомнигине барып, отургузууга даярдалган көчөттөр менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда питомниктин аймагына болжол менен 50 миң даана көчөт алынып келинген. Анын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 30 миң даана дарак көчөтү отургузулду. Шаар башчысы иштердин ылдамдыгын күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча

Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Экономика

Өзбекстанда бензин баасы АКШ бензин баасына жакындады

Глобалдык экономикада энергетикалык ресурстардын, өзгөчө автоунаа күйүүчү майларынын баалары өлкөлөрдүн ички рыногуна жана калктын жашоо деңгээлине түз таасир этет. "GlobalPetrolPrices" агенттигинин маалыматына ылайык, 2023–2026-жылдар аралыгында бензин бааларынын өзгөрүүсү ар кандай тенденцияларды көрсөткөн. 2026-жылдын башында Өзбекстанда AI-95 маркадагы бензиндин литри 1,08 доллар болгон, бул

Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстанда 450 миңге жакын жарандын салык карызы бар

Экономика

Алмамбет Шыкмаматов: Кыргызстанда 450 миңге жакын жарандын салык карызы бар

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын таанылган салык карызы болгон учурда банк эсептеринен акча каражаттарын эсептен чыгаруу тартиби тууралуу “Биринчи радио” жана "Ала тоо 24" телеканалына түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө болжол менен 450 миңге жакын жаранда салык карызы бар. Негизги себептердин бири жоопкерчиликтин төмөн

Кыргызстанда санариптик биржалык сооданы алтын менен жүргүзүү башталды

Экономика

Кыргызстанда санариптик биржалык сооданы алтын менен жүргүзүү башталды

Кыргызстанда 2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында баалуу металлдар менен санариптик биржалык сооданын улуттук механизми расмий ишке киргизилди. Кыргыз фондулук биржасы, Кыргызалтын ААКсы жана Борбордук депозитарий ЖАКсы үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул келишим биржанын автоматташтырылган соода системасы аркылуу баалуу металлдарды эркин сатып алуу-сатуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Долбоордун

"Адилет" конушундагы суу маселеси боюнча мэрия түшүндүрмө берди

Коом

"Адилет" конушундагы суу маселеси боюнча мэрия түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы "Адилет" конушунда ичүүчү суунун убактылуу жоктугу боюнча түшүндүрмө берип, коомчулукту адаштырган такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитет билдиргендей, учурда тиешелүү кызматтар суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү боюнча этап-этабы менен иштерди жүргүзүүдө. Долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылып жатат. "Адилет&