акыркы жаңылыктар

Тай-Мурас Ташиевге таандык компаниянын 5 жылдык кирешеси 526,8 млн сом болгону көрсөтүлдү

Тай-Мурас Ташиевге таандык компаниянын 5 жылдык кирешеси 526,8 млн сом болгону көрсөтүлдү

Мамлекеттик салык кызматынын ачык порталындагы маалыматтарга ылайык, 2020–2025-жылдар аралыгында Тай-Мурас Ташиевге таандык "Мока Групп" компаниясынын таза кирешеси 526 миллион 828 миң 869 сомду түзгөн. Такталгандай, бул бардык чыгымдар, салыктар жана милдеттүү төлөмдөр алынгандан кийинки таза киреше болуп эсептелет. Буга чейин Тай-Мурас Ташиевдин аты жана

Кара-Суу районунда 2,6 млн сом алдап кеткен жарандар кармалды

Кара-Суу районунда 2,6 млн сом алдап кеткен жарандар кармалды

Кара-Суу районунун эки тургуну кум карьерин иштетүүгө лицензия алып берүүнү убада кылган адамдар 2,6 млн сомдон ашуун акчасын алып, сөзүнө турбай коюшканына даттанып, милицияга кайрылганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жабыркаганын айткан адамдар шылуундарга кум карьерин иштетүү укугуна жетүү үчүн 2 млн 625 миң

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Транспорт

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан “Кабар” агенттигине билдиришти. Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

ТИМ Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет. Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 20-марттан тартып, Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Экономика

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстанда сүт рыногундагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Сатып алуучулар сүт продукциясынын баасы өтө кымбат деп нааразы болсо, фермерлер сатып алуу баасын көтөрүүнү талап кылууда. Азыр мобилдик сүт сатуу чекиттеринде сүт 1 литр үчүн 80 сомдон сатылууда. Ал эми тетрапактагы сүт 110 сомго чейин кымбаттаган, кээ бир фирмалар 1 литр сүттү

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

Саясат

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзгөн реконструкциядан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө

Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат

Транспорт

Бишкекте Кожевенная көчөсү капиталдык оңдоого жабылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында "Дордой" базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо жана кеңейтүү боюнча жеринде жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйынга Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти, №305 муниципалдык аймактык башкармалык жана райондук

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Транспорт

Жети-Өгүздө Жеңиш – Жайыт – Ак-Терек жолу асфальтталып жатат

Жети-Өгүз районундагы Жеңиш — Жайыт — Ак-Терек жолунун 3 чакырымына асфальт төшөлүп жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун жалпы узундугу 36 чакырымды түзөт. Жолдун 28-30-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо иштери аткарылууда. Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын Титулдук тизмесине киргизилген

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Экономика

Кытайда сейрек кездешүүчү металлдын ири кени табылды

Кытай геологдору өлкөнүн түштүк-батышында, Сычуань провинциясынын Маонюпин аймагында ири сейрек кездешүүчү металл кенин табышканын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлап, Global Times берди. Геологиялык изилдөө учурунда дагы 9,66–9,7 млн тонна сейрек кездешүүчү металл оксиддери аныкталып, аймактагы запастар 300%га өскөнү белгиленди. Жалпы тастыкталган ресурстардын көлөмү болжол менен 10,

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева

Орточо эсеп менен алганда эң алыскы Чоң-Алай, Нарын, Кара-Кулжа, Алай-Куу райондорунда 15 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерибиздин айлык маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөрүн “Кабар”агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда бул

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Транспорт

Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот

Бишкектин Түндүк айланып өтүүчү автожолун реконструкциялоо иштери уланып жатат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жүрүү бөлүгү алты тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт. Курулуш иштери Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт жол тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.

Токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом грант алуу келишимине кол коюлду

Экономика

Токойлорду калыбына келтирүүгө 81 млн сом грант алуу келишимине кол коюлду

Бишкекте "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" долбоорунун алкагында токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 81 млн сомдук гранттык макулдашууларга кол коюлду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кол коюуга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Токой кызматынын директорунун орун басары Талантбек Садыров жана башка тиешелүү адистер катышты.