Транспорт
Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюндагы ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен дагы билдиришти. Жалпысынан 64 объект жол курулушуна кирет. Алардын ичинен: * 16 объектте мамлекеттик акт бар; * 1 объектте 49 жылдык “жашыл китеп”; * 2 объектте 5 жылдык “жашыл китеп” бар. Калган объекттер боюнча документтер такталууда.