Бийлик
Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышат
Президент Садыр Жапаров 25-26-декабрда Санкт-Петербургда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана КМШне кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрация билдирди. Президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, ЖЭЕК кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон чечимдер каралат.