Санжар Маткулов Бишкектин ММБДнин директору болуп дайындалды

Санжар Маткулов Бишкектин ММБДнин директору болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган департаменттин директору болуп Санжар Маткулов дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 100 орундуу бала бакча курулууда

Нарында 100 орундуу бала бакча курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын шаарына 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 108 миллион сомду түзөт. Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1027 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имарат салынат. Курулуш иштери белгиленген график боюнча

Эрлист Акунбеков этти кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту

Эрлист Акунбеков этти кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту

13-майда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков ата мекендик этти кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка караганда, жолугушууда этти кайра иштетүү тармагындагы учурдагы көйгөйлөр, ишканаларды чийки зат менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүштү колдоо, бааларды турукташтыруу, азык-түлүк жана ветеринардык коопсуздукту

ШКУнун жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

ШКУнун жаштар санарип форумуна катышуучуларды кабыл алуу башталды

4–5-июнь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар санарип форуму болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, форум жаштардын санариптик технологиялар, инновациялар жана эл аралык кызматташтык жаатындагы демилгелерин колдоого, тажрыйба алмашууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Башкы максаты - жаштардын потенциалын жогорку технологиялар

JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда 30дан ашык долбоор ишке ашты

JICAнын колдоосу менен Кыргызстанда 30дан ашык долбоор ишке ашты

14-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө министрлик менен JICA ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Т.Солтобаев Кыргызстандын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн Япония өкмөтүнө жана JICA