Ташкентте кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү

Ташкентте кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү

2023-жылдын 21-декабрында Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин саясий кеңешмелеринин кезектеги раундунун алкагында эки тараптуу кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы саясий байланыштардын жогорку деңгээлин жана эл аралык аренада натыйжалуу кызматташууну баса белгилеп, саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүүнүн формаларын өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына тарыхый маанисин таанып, делегация башчылары кылымдардан бери калыптанган бекем достук, ынак коңшулук, өз ара урматтоо салттарынын негизинде кыргыз-өзбек баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министрлер эл аралык уюмдардын алкагында эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча эки өлкөнүн маанилүү глобалдык демилгелерин жана сунуштарын өз ара колдоонун калыптанган практикасын жогору баалашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн калкынын бакубаттуулугунун деңгээлин сактоого багытталган эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдө ошондой эле транспорт-логистика, суу-энергетика, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана консулдук чөйрөдө өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында министрлер тийиштүү протоколго кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат

Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, долбоордун алкагында аймак 30 өзүнчө жер тилкесине бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Анда эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайлар жана азыктарды кайра иштетүүчү ишканалар курулат. Мындан тышкары, Ош шаарынын

Ишкер Media
Өлкөдө акыркы 9 айда 3624 жол кырсыгы катталды

Өлкөдө акыркы 9 айда 3624 жол кырсыгы катталды

2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстанда 3 624 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка ылайык, катталган жол кырсыктарынын эң көбү Бишкек шаарында катталган. "Борбор калаада жалпы кырсыктардын 27,4 пайызы катталган.

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуштарга айып салынды

Ошто мыйзамсыз курулуштарга айып салынды

Ош облусунда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынып, дагы бир объекттин курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалымдаогандай, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Араван айылындагы Ош-3000 көчөсүндө курулуп жаткан үч кабаттуу медициналык борборду жана Алай районунун Гүлчө шаарындагы дүкөндүн курулушун текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгында

Ишкер Media
Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкекте "Тазалык" ишканасына 92 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасына экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн 92 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ишкананын автоунааларын пландуу текшерүү учурунда алардан чыккан түтүндүн көлөмү белгиленген ченемден ашканы аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 4 протокол түзүлүп,

Ишкер Media