Бийлик
Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу көздөйт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Улуттук кеңештин отчету угулуп, алдыдагы пландары каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Учурда 2040-жылга чейин Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу иштери жүрүүдө. Улуттук стратегиянын негизги багыттары – суу ресурстарын түгөнүүдөн, булгануудан коргоо, суу