Экономика
Малды жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары кандай?
Малды жасалма уруктандыруу көптөгөн артыкчылыктарга ээ болуп, учурда заманбап мал чарбачылыгында кеңири колдонулуп жатканы жана анын негизги артыкчылыктары тууралуу Суу, айыл чарба министрлиги маалымат таратты. Эң мыкты асыл тукум букалардын уругун колдонуу малдын генетикалык сапаттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Туура тандалган урук сүт берүү, эт өндүрүмдүүлүк жана тукум берүү көрсөткүчтөрүн жогорулатат.