акыркы жаңылыктар

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Экономика

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун аймагындагы инженердик тармактарга байланышкан маселелер каралды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында жалпы 31 объект темир жол линиясынын контуруна туура келет. Анын ичинен 11и ичүүчү суу түтүктөрү, калганы саркынды жана сугат суу каналдары болуп саналат. Мындан тышкары, жыйында Түштүк Жалал-

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Кыймылсыз мүлк

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз жайгаштырылган 12 соода объектиси демонтаждалды. Иш-чаралар 17–19-февраль күндөрү Бишкек – Кара-Балта автоунаа жолунун Москва району аймагындагы тилкесинде жүргүзүлгөнүн Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти. Иш-чаралар Шаар куруу жана архитектура департаменти, ошондой эле Москва районунун жергиликтүү

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Транспорт

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Саясат

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Транспорт

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Транспорт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт,

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Экономика

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Кыймылсыз мүлк

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Бишкекте муниципалитеттин демилгеси менен өткөн Жол кеңешинде эски автовокзалдардын аймагын башка аймактардан келген айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайга айландыруу сунушталды. Жыйында айтылгандай, Ивановка же Кара-Балтадан келген айдоочу шаарга келип, унаасын базарларда же борбордо күн бою калтырат. Ошондуктан автоунааларды мурдагы автовокзалдардын аймагына токтотуп, андан ары коомдук транспорт менен жүрүүнү уюштуруу

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Экономика

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Экономика

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Саясат

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

Банктар

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин