Экономика
Салык отчетун каттоодон тышкары райондон тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоюлду
Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин функционалы жаңыртылгандан кийин отчеттор мындан ары салык төлөөчүнүн учурдагы каттоодо турган району боюнча гана кабыл алынарын "Салык сервис" мамлекеттик башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, система автоматтык түрдө каттоо маалыматтарын текшерип, отчетту тиешелүү районго гана жөнөтөт. Эгерде салык төлөөчү отчет тапшырып жаткан райондо каттоодон өтпөсө, документ