Бишкек базарларында уй жана кой этинин баалары көзөмөлдөнүүдө

Бишкек базарларында уй жана кой этинин баалары көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарында калкка зарыл азык-түлүк, анын ичинде уй жана кой этине бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул чара 2025-жылдын 7-августундагы №140 буйругуна ылайык, сөөктүү уй жана кой этинин бааларын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максатында өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиргендей, Свердлов, Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук администрациялары Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы, ветеринардык жана салык органдары менен биргеликте базарларда жана соода түйүндөрүндө рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Өзгөчө көңүл уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон ашпоого бурулууда.

Ошондой эле калкка ыңгайлуу баада эт сатуу максатында ортомчусуз соода пункттары уюштурулуп, жаңы "Чүйгүн" эт павильону ишке киргизилди. Учурда дүң баалар: кой эти — 640-680 сом, уй эти — 640-680 сом, жылкы эти — 540-560 сом, чекене баалар 660 сомдон башталат.

Рейддик иш-чаралар жана эт бааларына көзөмөл туруктуу негизде улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media