Салык отчетун каттоодон тышкары райондон тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоюлду

Салык  отчетун каттоодон тышкары райондон тапшыруу мүмкүнчүлүгү жоюлду

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин функционалы жаңыртылгандан кийин отчеттор мындан ары салык төлөөчүнүн учурдагы каттоодо турган району боюнча гана кабыл алынарын "Салык сервис" мамлекеттик башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, система автоматтык түрдө каттоо маалыматтарын текшерип, отчетту тиешелүү районго гана жөнөтөт. Эгерде салык төлөөчү отчет тапшырып жаткан райондо каттоодон өтпөсө, документ сакталбайт жана жөнөтүлбөйт.

Бул чектөө отчетту туура эмес районго тапшыруу тобокелчилигин жоюу жана кийинки тактоолордун алдын алуу максатында киргизилген. "Салык сервис" салык төлөөчүлөргө өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн бардык райондор боюнча каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун алдын ала текшерүүнү сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Ала-Бука районунда 26 чакырымдан ашык жол асфальтталды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Ала-Бука - Караван жана Ала-Бука - Касансай автожолдорунун жалпы 26 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Ала-Бука - Караван автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөө иштери толук аяктап, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүүдө.

Ишкер Media
"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media