Былтыр “Кыргыз темир жолу” 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган

Былтыр “Кыргыз темир жолу” 420 миңден ашык жүргүнчү ташыган

“Кыргыз темир жолу” ишканасы өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчүнү ташыганын билдирди.

Ишкана өлкө ичинде Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды жана жайкысын Бишкек-Балыкчы багыттарында, ошондой эле өлкө чегинен тышкары Бишкек-Казань жана Бишкек-Москва багыттарында туруктуу каттамдарды камсыз кылууда.

2025-жылы Токмок жана Кара-Балтадан Бишкекке күн сайын жумушка келген жарандардын ыңгайын эске алуу менен поезддердин кыймыл графиги жаңыртылып, өз убагында жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпысынан өткөн жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды.

Бишкек-Балыкчы багытында эки жогорку комфорттуу ВИП-вагон пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, ишкана алты вагонду модернизациялап, өздүк вагон-генераторун иштеп чыкты.

Туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчынын борбордук пляжына жетүүчү 6 км темир жол тилкеси капиталдык оңдодон өткөрүлдү. Ошондой эле 10 жуп туристтик поезд уюштурулуп, Бишкек-2 жана Балыкчы бекеттеринде туристтерди салтанаттуу тосуп алуу уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media