Экономика
Аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту быйыл 80%га өстү
Быйыл январь-август айларында Кыргызстандан аялдардын трикотаж кийимдеринин экспорту дээрлик 80%га көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдайт. Маалыматка ылайык, 8 айда жалпы 1,3 миллион даана кийим 8 миллион долларга сатылган. Өткөн жылы ошол эле мезгилде экспорттун көлөмү 727,8 миң даана, наркы 4 миллион долларды түзгөн. Экспорттун негизги көлөмү Россияга