акыркы жаңылыктар

Прокуратура бухгалтерлери жаңы автоматташтырылган системаны үйрөнүштү

Экономика

Прокуратура бухгалтерлери жаңы автоматташтырылган системаны үйрөнүштү

КРнын прокуратура органдарында финансылык ишмердүүлүктү өркүндөтүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган системасына киришүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Окууга республиканын бардык аймактарынан прокуратура органдарынын бухгалтерлери катышып, системанын теориялык жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүштү. Алар бирдиктүү маа

Өкмөт ички базардагы күйүүчү-майлоочу майдын туруктуулугун көзөмөлдөйт

Саясат

Өкмөт ички базардагы күйүүчү-майлоочу майдын туруктуулугун көзөмөлдөйт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай продуктулары менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Маалыматты Президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев МинКаб калкты жана экономиканы күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлгө алып жатканын белгиледи. Кеңешмеде күйүүчү-майлоочу май базарындагы учурдагы абал, жеткирүү көлөмү, алардын

Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жыйын өттү

Коом

Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жыйын өттү

Бишкекте БУУнун Биргелешкен программасынын жыйынтыктоочу жыйыны жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) локалдаштыруу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара маалымдуулукту жогорулатууга жана жергиликтүү кызыкдар тараптардын потенциалын арттырууга багытталган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Семинарга мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, БУУнун өкүлү Мунаввар Алам жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Иш-чара глобалдык максаттарды жергиликтүү

Күйүүчү майга болгон баалар өсүп жатат

Күйүүчү майга болгон баалар өсүп жатат

Август айынан бери Россияда бензин менен дизель майынын баасы көтөрүлүп баштаган, эми мындай көрүнүш Кыргызстанга да келип жетти. Мындай маалыматты Кактус медиа маалымат булагы Россиянын статкызматына шилтеме берүү менен жарыялады. Росстаттын маалыматы боюнча, 6-октябрдан 13-октябрга чейин Россияда бензиндин орточо чекене баасы литрине 64,82 рублди (мурунку жумага караганда 0,76%

Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Транспорт

Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Бишкек шаарында бүгүндөн тарта №153 "Асанбай – "Манас" эл аралык аэропорту" экспресс-маршруту боюнча түнкү каттамдар жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул чечим "Жол кеңеши – 2025" алкагында кабыл алынган. Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын

Орто-Токой ГЭСинин курулушу пландалган тартипте уланууда

Энергетика

Орто-Токой ГЭСинин курулушу пландалган тартипте уланууда

Энергетика министринин орун басары Назгүл Үсөнова кайра жаралуучу энергия боюнча адистер менен бирге «Чакан ГЭС» ААКсынын бир катар объектилерин текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Алар Чакан ГЭСтин жана Быстровская ГЭСтин электр кубаттоочу станцияларын, ошондой эле ГЭС-5тин бассейнинде жайгашкан калкып туруучу күн электр станциясын көрүп чыгышты. Иш сапардын

Бишкекте экинчи ротордук токтотмо ишке берилди

Транспорт

Бишкекте экинчи ротордук токтотмо ишке берилди

Бишкек шаарында "Аламүдүн" базарынын аймагында экинчи ротордук токтотмо ишке берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген жана мейкиндикти кыйла үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Төлөм  QR-код аркылуу ыңгайлуу жана тез жүргүзүлөт. Төлөм ийгиликтүү бүткөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат. Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши

Бишкек жана Ош мэриялары шаарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда

Коом

Бишкек жана Ош мэриялары шаарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова, ошондой эле эки тараптан шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу "АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында

Микрофинансы уюмдарында алдамчылыкка каршы жаңы жобо бекитилди

Банктар

Микрофинансы уюмдарында алдамчылыкка каршы жаңы жобо бекитилди

Улуттук банк Башкармасы "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомду кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Жаңы жобо микрофинансы уюмдарында тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча системаларды иштеп чыгуу, ошондой эле кардарлардын

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кант кызылчасынын түшүмү аз

Былтыркыга салыштырмалуу быйыл кант кызылчасынын түшүмү аз

Өлкө боюнча былтыр кант кызылчасы рекорддук түшүм берип, жалпы жонунан алганда 1 млн тоннадай кант кызылчасы чогултулган. Ал эми быйыл эгин аянтын көбөйткөнүбүзгө карабай 550 миң тоннадай эле түшүм алынат деген божомол бар. Мындай маалыматты «Кайыңды-Кант» жана «Кошой» ишканаларынын директорлор кеңешинин мүчөсү Руслан Рафибеков билдирди. Анын айтымында, быйыл түшүмдүн төмөн

Айланма жолго орнотулган темир-бетон устундардын сапаты текшерилди

Транспорт

Айланма жолго орнотулган темир-бетон устундардын сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Бишкектин айланма жолундагы эстакада куруу иштери жүрүп жаткан жерде текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 30 метрлик темир-бетон устундар сыноодон өткөрүлүп, алардын жаракаларга туруктуулугу, бекемдиги жана курулуш нормаларына шайкештиги бааланды. Текшерүүнүн

«Альянс Алтын» Талас облусунун бала бакчаларына заманбап 20 комплект компьютер тапшырды

Коом

«Альянс Алтын» Талас облусунун бала бакчаларына заманбап 20 комплект компьютер тапшырды

«Альянс Алтын» компаниясы 13-октябрда Талас жана Бакай-Ата райондорундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине заманбап 20 комплект компьютер тапшырды. Бул тууралуу ишкананы маалымат кызматы билдирди. Бул көмөк аймактагы билим берүү шарттарын жакшыртуу жана балдардын технологиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатын көздөйт. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, техника жеринде орнотулуп, пайдаланууга даярдалган. Компьютерлер балдардын билим алуусуна