Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана 5 карда жүрүүчү техника тапшырылды

Бүгүн Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды жана карда жүрүүчү техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.

ИИМдин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында "JAC", "Changan», "Hyundai Staria", "Toyota Hiace", "Geely Atlas", "Chevrolet Cobalt" жана "Нива Legend" үлгүсүндөгү 50 жаңы кызматтык унаа, ошондой эле 5 карда жүрүүчү техника (снегоход) берилди. Бардык унаалар заманбап техникалык жабдуулар менен толук камсыздалган.

ИИМ министри Улан Ниязбеков бул техника коомдук тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи. Анын айтымында, жаңы унаалар жол кырсыктарынын санын азайтуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү сервистик кызматтарды жакшыртуу үчүн маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media