1,5 млндон ашык адам "Салык төлөөчүнүн кабинети" сервисин колдонууда

1,5 млндон ашык адам "Салык төлөөчүнүн кабинети" сервисин колдонууда

2025-жылы Мамлекеттик салык кызматы салыктык кызматтарды санариптештирүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырды. Анын жыйынтыгында “Салык төлөөчүнүн кабинети” сервисин колдонгондордун саны 1,52 миллионго жетти. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 180,4 миңге өстү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Salyk.kg мобилдик тиркемесин учурда 77,6 миң салык төлөөчү пайдаланууда. Бир жыл ичинде “Салык төлөөчүнүн кабинетинде” 15 жаңы онлайн-сервис ишке киргизилип, бир катар кызматтар жакшыртылды.

Салыктык отчётторду автоматтык түрдө түзүү, маалымкаттарды онлайн алуу, мүлк салыгын эсептөө жана чегерүү, төлөнө турган салык суммасын автоматтык аныктоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында билдирмелерди онлайн тапшыруу, жеке ишкерлерди жана жеке жактарды каттоо, арыздарды электрондук түрдө берүү кызматтары жеткиликтүү болду.

Мындан тышкары, бардык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн QR-код же төлөм коду аркылуу төлөө тартиби киргизилди. Кассалык аппараттардын маалыматтарын онлайн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор, салыктык карыздар тууралуу СМС-билдирүүлөр жана “Пикирлер” кайтарым байланыш платформасы да ишке ашырылды.

Мамлекеттик салык кызматы санариптик сервистерди өнүктүрүүнү улантып, салык төлөөчүлөр үчүн кызматтарды дагы да жөнөкөйлөтүүнү көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media