Экономика
Финансы министрлигинде 133 млн сомдон ашуун бюджеттик бузуулар аныкталды
Эсептөө палатасы Финансы министрлигинде жана анын түзүмдүк, ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүздү. Аудиттин жыйынтыгында бюджеттик мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталбагандыгы менен байланышкан дал келбестиктердин жалпы суммасы 133,3 млн сомду түздү. Бул бюджеттик пландоодо, каржылык башкарууда жана тартипти камсыздоодо олуттуу