Коом
Бишкек мэри инфраструктуралык жана социалдык объектилерди текшерип чыкты
Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерге – бала бакчаларга, жол курулуштарына жана көмүр базаларына көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Ак-Өргө конушундагы бала бакчада 877 чарчы метр аянттагы эки кабаттуу имарат курулуп, ал 280 балага ылайыкташтырылган. Оюн-зал, уктоочу бөлмөлөр, буфет, ашкана, медициналык