Энергетика
Жаңы тарифтер электр энергиясынын өздүк наркынын 45%ын гана жабат
1-майдан тартып тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, Кыргызстандагы калк электр энергиясынын чыныгы өздүк наркынын болгону 45%ын гана төлөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын болуп эсептелет. "1-майдан тартып тариф 1 сом 64 тыйын болот.