акыркы жаңылыктар

Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Коом

Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Курулуш министрлиги Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектептин курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 261 миллион сомду түзөт. “Т” формасындагы мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Жалпы аянты 4136 чарчы метр.

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Коом

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Талас облусуна карашту Манас районунун Семетей айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 25 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ага Семетей айылынын эски суу топтоочу жайындагы 4 скважина тазаланган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Андан сырткары, К.Жаманкулов жана

Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык

Бизнес

Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Венгрия Элчилигинде Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүп жатат. Иш-чарага алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik катышып, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдуулар менен инновациялык чечимдерди тааныштырышууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Форумдун максаты – кыргыз жана венгр ишкерлеринин ортосундагы

Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

Экономика

Кытай Россиянин мунай импортунун жарымынан баш тартууга аргасыз болду

АКШнын санкцияларынан улам Кытай Россия мунайынын импортунун жарымынан баш тартканын Bloomberg маалымдады.  Россия нефтисин сатып алуудан баш тарткандардын ичинде Sinopec и PetroChina Co. сыяктуу мунайды кайра иштетүүчү ири мамлекеттик компаниялар жана “чайнек” аталышы менен белгилүү жеке ишканалар бар.   Shandong Yulong Petrochemical Co. компаниясы Англия менен Евробиримдиктин кара тизмесине киргенден кийин

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

Коом

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

2020-жылы тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 366 суроо-талап жиберилип, баары иштелип чыккан жана аларга тиешелүү жооптор

Өлкө аймагында жолдорду тазалоо иштери уланууда

Транспорт

Өлкө аймагында жолдорду тазалоо иштери уланууда

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан жолдордо алдын алуу иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-

Кыргызстанда акциздик салыктын жогорулашы: эксперт тобокелдиктер жөнүндө эскертет

Экономика

Кыргызстанда акциздик салыктын жогорулашы: эксперт тобокелдиктер жөнүндө эскертет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктар кымбатыраак сатылышы керек, деп билдирди. Ал - мамлекет акыркы жылдары бажы тармагында тартипти орнотуп койгондуктан, эми аткезчиликтен коркпостон акциздик салыктарды жогорулата берсе болот деген ойдо. Жаңы салыктан түшкөн кошумча кирешенин бир бөлүгүн саламаттыкты сактоого багыттоо пландаштырылган. Бирок,

Акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты

Коом

Акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын аныкташты. МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан кампаны текшерүү учурунда жалпы көлөмү 3 миң 400 литр болгон 170 канистр акциздик маркасы жок мотор майлары табылган. Мындан тышкары,

Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелген 3 жаран кармалды

Коом

Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелген 3 жаран кармалды

Талас РИИБге 2002-ж.т. жигит арыз менен кайрылып, 2025-жылдын 14-октябрь күнү Талас районунун Кара-Кол жайлоосунан 41 баш топоздорум жок болуп жатат деп билдирген. Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Өлкөгө убактылуу киргизилген чет өлкөлүк автоунаалар кандай колдонулат?

Транспорт

Өлкөгө убактылуу киргизилген чет өлкөлүк автоунаалар кандай колдонулат?

МинКаб Кыргызстанга чет өлкөдөн алып келинген автоунааларды пайдалануу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизилгенин "Азаттык" жазды.   "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган токтомдо көрсөтүлгөндөй, айдоочулар автоунаа убактылуу киргизилгенин ырастаган документтерди, каттоо күбөлүгүн, ишеним катты жана айдоочулук күбөлүктү өздөрү менен алып жүрүүгө милдеттүү. Мындан тышкары тийиштүү мамлекеттик мекемеден убактылуу каттоодон өткөрүү зарыл.

Президенттик администрациянын чыгымдары 9 айда 682,1 млн сомду түздү

Саясат

Президенттик администрациянын чыгымдары 9 айда 682,1 млн сомду түздү

2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кыргызстан Президентинин администрациясына ишине сарпталган акчанын жалпы көлөмү 682,1 млн. сомду түзгөнү “Ачык бюджет” анализинин маалыматынада көрсөтүлдү.  Бул чыгымдардын 546,3 млн сомго жакыны администрация кызматкерлеринин маянасына сарпталган.  Бул сумманын ичинен туруктуу иштеген кызматкерлердин эмгек акысы – 483,8 млн сом болсо, кошумча

Бишкектин айрым райондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулат

Коом

Бишкектин айрым райондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулат

Бишкекте 4-ноябрь саат 20:00дөн 6-ноябрь саат 16:00гө чейин Учкун кичи району, Казан Булак көчөсү 10, Үч тулга көчөсү 15 даректери боюнча жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Мындан тышкары, 4-ноябрь саат 13:00дөн 9-ноябрь