Кыргызстанда акциздик салыктын жогорулашы: эксперт тобокелдиктер жөнүндө эскертет

Кыргызстанда акциздик салыктын жогорулашы: эксперт тобокелдиктер жөнүндө эскертет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандагы тамеки, алкоголь жана кант кошулган суусундуктар кымбатыраак сатылышы керек, деп билдирди. Ал - мамлекет акыркы жылдары бажы тармагында тартипти орнотуп койгондуктан, эми аткезчиликтен коркпостон акциздик салыктарды жогорулата берсе болот деген ойдо. Жаңы салыктан түшкөн кошумча кирешенин бир бөлүгүн саламаттыкты сактоого багыттоо пландаштырылган.

Бирок, бизнес өкүлдөрү менен экономисттер кырдаалга башкача көз карашта - этияттык менен карашат. Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Ишкер Медиа сайтына берген маегинде: чиновниктердин күтүүлөрүнө карабастан, натыйжа тескери нукка бурулуп кетиши мүмкүндүгүн эскертти.

Аткезчилик эч жакка кеткен жок

Сергей Пономаревдин айтымында, аткезчиликти жеңдик деп айтууга, али эрте. Эң катаал режимдер да бул көрүнүштү жок кыла алышкан эмес, ал эми ЕАЭБдин ичиндеги ачык чек аралар өзгөчө тобокелдикти жаратат. «Бажыда баары көзөмөлдө жана аткезчилик жок болду деген жарыялар мөөнөтүнөн эрте айтылып жатат. Тарых көрсөткөндөй, бийлик өтө катаал мамиле кылган - атууга чейин барган жерлерде да, - аткезчиликти жокко чыгаруу мүмкүн болгон эмес. Бизде, ЕАЭБдин ичинде Казакстан менен болгон чек арабыз бир аз ачык-айкын. Эгерде тамеки продукцияларына акциздик салыкты көбөйтсөк, бизде алар Казакстанга караганда кымбатыраак болот да, аткезчилик коркунучун абсолюттуу түрдө реалдуу кылат. Натыйжада, бюджетте акча арбын болгондун ордуна, азаят. Ал эми тамеки чеккендердин саны кыскарат деген күтүүлөр да күмөндүү. Менимче тескерисинче арзан жана күмөндүү продукцияларга жетүү мүмкүнчүлүгүнөн улам, тамеки чеккендер көбүрөөк болот», - дейт эксперт.

Анын айтымында жада калса, кошумча чек ара посттору да, мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоонуга кепилдик бере албайт.

Самогон жана контрафакт кайтып келет

Эксперт эскертет: коомубуз буга чейин алкоголдук ичимдиктерди ойлонбостон жөнгө салганда кейиштүү кесепеттерге учураган мезгилди башынан өткөргөн. Улуу муундар Михаил Горбачевдун тушундагы советтик мезгилде “кургак закон” киргизилгенин дале унута элек. Албетте, азыркы учурда биз толук тыюу салуу жөнүндө сөз кылып жаткан жокпуз, бирок баалардын олуттуу өсүшү да ушундай эле натыйжага алып келет.

«Эгерде биз алкоголдук ичимдиктерди арзан жана орто баа сегменттеринде карасак, баанын жогорулашы аткезчиликтин гана эмес, контрафактты да, ошондой эле үй шартында кайнатылган самогондун пайда болушуна алып келет. Биз аны башыбыздан өткөргөнбүз. Мурда “самопал” деп аталган нерсе ар дайым чоң тобокелчиликти жаратып келет. Кантсе да, өнөр жайдын өндүрүшү, анын көзөмөлү жана жогорку сапаттагы тазалоосу менен үй шартында кайнатылган аралашманы салыштырууга болбойт», - деп эксперт эскертет.

Жарандардын ден соолугун коргоонун ордуна, мамлекет тескери натыйжага туш болот: жөнгө салынбаган, демек, кооптуу продукцияларды колдонуудан улам уулануулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшүнө алып келет.

Таттуу суусундуктар менен да жагдай жөнөкөй эмес.

Бизнес коомчулугу кант кошулган суусундуктарга салык салуунун жөнөкөй формуласын көрүп жаткан жок. Сергей Пономарев мындай продукциялар зыяндуу экенин моюнга алат, бирок мамлекетти ооруларды алдын алуу менен экономикалык кесепеттин ортосундагы тең салмактуулукту табууга чакырат. 

«Мен кант кошулган таттуу суусундуктар боюнча айтылган позицияга жарым-жартылай кошулам. Бир жагынан бул суусундуктар ден соолукка зыяндуу. Адамдын дени сак болсо, мамлекет аларга аз акча коротот, ал эми алар көбүрөөк салык төлөшөт. Экинчи жагынан, башка экономикалык кесепеттерди да эске алуу керек. Ашыкча салык салуу өндүрүштүн төмөндөшүнө, жумуш орундарынын кыскарышына жана рыноктун бир бөлүгүнүн көмүскөгө кетишине алып келет. Акыр-аягы, мамлекет дагы эле каржылык жоготууларга дуушар болот. Ошондуктан, аша чаап кетпеш керек», - дейт ал.

Эксперттин пикири боюнча, бул категориядагы товарларга акциздик салыктын көбөйүшү республиканын экономикасына жана анын жарандарына олуттуу таасир этпестен, акырындап этап-этабы менен болушу керек.

Бюджет миллиарддаган акчаны жоготушу мүмкүн

Бүгүн сунушталып жаткан салыктын көбөйүшү бюджетти түзүүчү позицияларга зыянын тийгизет. Казынага түшүүчү кирешенин 10% жоготуу да ондогон миллиарддаган сомго алып келет. «Бюджет кирешенин негизинде түптөлөт. Чыгымдар ошол бойдон калып, бирок кирешелер азайганда, бул олуттуу көйгөйдү жаратат», - деп эскертет Сергей Пономарев.

Редакциябыздын маектешинин айтымында: азыркы экономикалык кырдаал буга чейин эле татаал абалда — баалар өсүп, калктын сатып алуу жөндөмү төмөндөп жатат. Акциздик салыктарды көбөйтүү оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

«Ооба, эмгек акы жана пенсиялар көтөрүлдү, бирок баары кымбаттап жатпайбы. Ички инфляция, импорт дагы өсүүдө — анткени баалар дүйнө жүзү боюнча жогорулап жатат. Эгерде салыктар да көтөрүлсө, бул эл колдобой турган популярдуу эмес чара гана эмес, ошондой эле бюджеттин миллиарддаган сом жоготуусуна алып келүүчү кадам болот» - деп жыйынтыктады Сергей Пономарев.

Эксперттин баамында, Кыргызстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен диалогду улантышы керек, бирок шашылыш чараларды көрбөшү зарыл. Администрациянын деңгээли жогору болгон өнүккөн өлкөлөрдө да аткезчилик жана контрафакт көйгөйлөрү реалдуу бойдон калууда.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык