Коом
«Тенир Тоо» фонду Нарындагы төрөт үйүн капиталдык оңдоосуна 10 млн сом бөлөт
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштерине «Тенир Тоо» өнүктүрүү фондунан 10 млн сом бөлүнөт. Буга чейин фонддун эсебинен 2 млн 987 миң сомго аталган имараттын чатыры алмаштырылган. Мындан сырткары, облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүнө аталган фонддон