Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Минкаб төрагасы алтын ылгоочу фабриканы карап чыгып, анда өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар, экологиялык нормалардын сакталышы, иштетүүнүн жүрүшү, казып алуунун көлөмү тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле ал калдыктарды сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу менен таанышты.

Белгиленгендей, 2015-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин компания бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 28,4 млрд сом, анын ичинде алтын сатуудан 21,5 млрд сом салык которгон. 2016-2025-жылдар аралыгында аймактын жашоочуларына, мекеме-уюмдарына түз социалдык жардам 317,8 млн сомду түздү. Каражат медицина, билим берүү, спорт жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды.

Ишкана жылына 5 тоннага чейин алтын өндүргөн долбоордук кубаттуулукка чыкты. 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын апрелине чейин Жерүйдө 6,9 млн тонна руда казылып алынып, 17,6 тонна “Доре” уютмасы өндүрүлүп, анын ичинен 17,3 тоннадан ашыгы сатылып бүттү.

Ишканада подряддык уюмдарды эсепке алуу менен 1,5 миң адам иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.