Коом
Кыргызстанда быйыл 363 насостук станция жана 26 агрегат жаңыланат
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ирригациялык системасын сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул туурауу Айыл чарба министриги билдирди. Такталгандай, өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлери бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда. Республика боюнча жалпы 120 насостук станция бар, аларга 365 насостук агрегат орнотулган.