Айыл чарба министрлиги үрөндөрдү кыргызстандык фермалардан сатып алат

Айыл чарба министрлиги үрөндөрдү кыргызстандык фермалардан сатып алат

Айыл чарба министрлиги үрөндөрдү кыргызстандык фермалардан сатып алат. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Такталгандай, 2024-жылдын жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргызстандын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамынын негизинде, 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары менен мамлекеттик дотацияга бүгүнкү күндө 10 келишим түзүлдү.

Дотацияга коюлган артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 2348,52 тоннаны түздү.

Анын ичинен:

·      жаздык буудай 608 тонна;

·      жаздык арпа 1724 тонна;

·      беденин үрөнү 16.52 тонна.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кадамжай РЭТи күз-кыш мезгилине даярдык иштерин толук аткарды

Манас шаарында металл заводу ачылып, турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды

Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды

Өлкөдө 1 жылда 304,9 миң жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды