Бишкектки таксист айым эркиндик, жылмаюу жана өзгөчө буйрутмалар жөнүндө

Бишкектки таксист айым эркиндик, жылмаюу жана өзгөчө буйрутмалар жөнүндө

Коомдо айрым кесиптерди эркектерге гана таандык жана аялдар үчүн иштеш оор деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок 31 жаштагы бишкектик Мээрим Жумагулова өз үлгүсү менен мындай пикирлерди жокко чыгарып, кесип боюнча чектөөлөр туура эмес экенин далилдеп келет. Мурдагы чач тарач айым беш жылдан бери белгилүү сервистердин биринде айдоочу болуп эмгектенип келет.

— Сизди таксиге эмне алып келди?

— Мен бул ишке коронавирус пандемиясы болуп, бардыгыбыз үйдөн чыга албай отурган аргасыз карантинден кийин келдим. Жашоомо өзгөртүү киргизгим келди, өзүм да машина айдаганды жакшы көрөм – жалпы айдоочулук тажрыйбам тогуз жылдан ашты. Бала менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген ийкемдүү иш графиги да мага ылайыктуу экен. Ошентип ушул ишке өттүм. Тиркемени көчүрүп алдым, каттоодон өттүм жана биринчи нөөмөткө чыктым. Башында «Экономдо» иштедим, кийин «Комфорт» тарифине өттүм.

Сиздин тандоону үйдөгүлөр кандай кандай кабыл алышты?

— Алар башында бул жөнүндө билишкен эмес (күлөт). Мен эч кимге айтпай эле Яндекс Go тиркемесин көчүрүп алдым жана ишке чыктым. Таксиде иштеп жатканымды кийин айттым. Башында бир аз чочулашты, бирок көп өтпөй көнүп калышты. Азыр мага кардарлар көбүрөөк тынчсызданат. Машинага отуруп жатып: «Ой, чоӊ кыз, сиз коркпойсузбу? Кичинекей арык кыз экенсиз!», - деп айтышат. Бир күндө беш жолу сурашат. Бирок мен эч нерседен коркпойм, сервистин коопсуздук системасы абдан жакшы.

Башында сиз үчүн эмне татаал болгон?

Башында жана азыр дагы уруксат берилбеген жерде токтоону талап кылган же ыӊгайсыз жерден бурулууну суранган кардарлар менен иштөө оор. «Мен кечигип жатам – бол, ушул жерден бурул!» – дешет. Андай мүмкүн эмес десеӊ – урушуп башташат. Мындай учурлар сейрек кездешет, бирок болуп турат. Негизи жакшы кардардар басымдуулук кылат.

Жүргүнчүлөр рулда кыз отурганын көргөндө көбүнчө кандай кабыл алышат?

— Адатта жылмайып учурашат. Улуу адамдар «канча жашасам да, бир да жолу таксист-кыз көрө элек болчумун», - деп айтып калышат. Бул жагынан эч бир жагымсыз мамиле көрө элекмим. Таксист кыздар абдан кылдат болот деп эсептешет. Атүгүл балдарды салуу үчүн таксист аялдарды чакырууну туура көргөн кардарлар тобу дагы кездешет. Бул алар үчүн кошумча ишенимдүүлүк пайда кылат.

Сиз үчүн эсте калган буйрутма кандай болгон?

— Бул мен иштеп жүргөн мезгилдеги убакыт жана аралык боюнча эӊ узак буйрутма болгон. Анда Ысык-Көлгө барганбыз. Буйрутма түндөсү келген, көрсө ал Кыргызстандагы эӊ белгилүү бир кишиден экен. Ал кишинин атын атабай эле коеюн. Алар үй-бүлөсү менен таӊкы саат 5 чамасында Ысык-Көлгө барууну чечишти. Аларды жеткирдим. Өзүмө номер алдым да эс алганы жаттым. Анан эки саат өтпөй аялы чалды: «Биз ойлондук – бизди кайра Бишкекке жеткириӊиз!», - деп айтты. Эмне кылмак элек. Керек болсо, демек кеттик. Ошентип кайра артка жөнөдүк. Эс алып алганым жакшы болуптур.

Бишкекте таксист болуу үчүн кандай кесиптик сапаттар керек?

— Эӊ башкысы – ийкемдүү, адамгерчиликтүү жана стресске туруктуу болуу керек. Иш үстүндө ар кандай кырдаалдар болот. Мисалы жүргүнчү жаман кырдаалга кабылат. Ал такси чакырат жана кыжаалат болуп жатканы көрүнүп турат. Айдоочу мындай учурда ал адамдын көӊүлүн көтөрүп, туура жолго багыттап кое алат.

Таксиде иштөөнүн сиз үчүн мааниси кандай?

— Эркиндик. Сен бүгүн иштеп тапкыӊ келген эмгек акынын көлөмүн өзүӊ тандайсыӊ. Кааласаӊ кечке, же жарым күн иштейсиӊ. Нөөмөнтө эртеӊ менен эрте, түштө же кечинде чыга аласыӊ. Адатта мен уйкумду жакшы кандырам, тамактанам жана линияга чыгам. Кээде түнкүсүн, кээде күндүзгү нөөмөткө иштейм. Көбүнчө кечкисин иштейм. Түнкүсүн тыгын аз болот. Анын үстүндө күндүз баары шашып, нерв болуп, кыжырланып жүрүшөт.

Кандай көз караш боюнча такси кызматын тандадыӊыз?

— Яндекстин шарттары жакшы. Чакыруулар жана айдоочу үчүн бонустары көп. Мисалы өз жумушуӊ менен бара жатканда жолдон кардар ала кеткенге мүмкүнчүлүк берген функция бар. Суткасына эки жолу «Үйгө» опциясын тандай аласыӊ, ал боюнча бара жаткан багыт боюнча буйрутмаларды ала аласыӊ. Бул абдан ыӊгайлуу. Өз иштериӊди бүтүрүп, кошумча акча таба аласыӊ.

Сиз адатта 8-мартты кандай тозосуз?

— Рулда тосуп алам. Мен майрам күндөрү иштегенди туура көрөм. Мисалы Жаӊы жылды да таксиде жүрүп тосом. Биринчиден, майрамда жакшы иштеп табасыӊ. Себеби үй-бүлөнү да багыш керек. Экинчиден, мындай күндөрү элди дагы бирөөлөр ташыш керек. Нөөмөт аяктагандан кийин кесиптештер менен чогулабыз, кафеге барабыз, бири бирибизди куттуктайбыз. Менин Зуля аттуу курбум бар, ал менден бир аз улуу. Ал дагы таксиде иштейт жана мага көп нерсени үйрөттү. Майрамдарды чогуу тособуз.

«Аялдарга иштеш кыйын» деген түшүнүктөн улам айдоочулук кесипти тандоодо ойлонуп турган кыздарга кандай кеӊеш айтасыз?

— Эч коркпош керек! Өзүӊөргө жаккан кесипти байкап көргүлө. Башка бирөөлөрдүн пикирине көӊүл бурбагыла. Биздин бир эле жашообуз бар жана анын кандай жашашты өзүӊөр гана чечесиӊер. Эӊ башкысы өзүӊөргө кубаныч жана канааттануу алып келген кызыктуу ишти тапкыла. Бул абдан маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. "Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

"Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт

19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары. "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо&

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн 5,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 5 517 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкекте 20 км суу түтүгү жана 12 км канализация тармактары алмаштырылат

2026-жылы Бишкек шаарында болжол менен 20 км суу түтүктөрү жана 11–12 км канализация тармактары алмаштырыларын "Бишкексууканал" муниципалдык ишкана  башчысы Чыңгыз Жумалиев экономикалык, бюджеттик, каржылык жана инвестиция боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылга чейин бюджеттин чектелгендигине байланыштуу ишкана жыл сайын болжол менен 7