Аравандын айыл аймактарынын бюджетинде 5.3 млн сомдук каржы бузуулары аныкталды
2021-2022-жылдар аралыгында Араван районунун бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, 5.3 млн сом жалпы суммасында каржы бузуулары аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымдады. Аудиттин жүрүшүндө, ири суммадагы төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталды: · эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 224.2 миң сом; · негизсиз чыгышталган акча каражаттары – 127.5 миң сом;