акыркы жаңылыктар

Июнь айында Новосибирсктен Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат

Июнь айында Новосибирсктен Ысык-Көлгө авиакаттам ачылат

«Сибирь» авиакомпаниясы (S7 бренди) июнь айында Новосибирсктен Ысык-Көл аэропортуна каттам ачат. Новосибирск шаарындагы Толмачево аэропортунун графигинде жумасына төрт рейс белгиленген — алардын биринчиси 11-июнга пландалган. Новосибирск — Ысык-Көл багыты боюнча «Сибирь» дүйшөмбү, бейшемби жана жекшемби күндөрү учат. Ал эми 21-июлдан баштап жума күндөрү да каттайт. Авиакомпаниянын сезондук графиги сентябрдын ортосуна чейин иштейт.

2022-жылы Кыргызстанга рекорддук санда — 57 миң унаа импорттолгон

2022-жылы Кыргызстанга рекорддук санда — 57 миң унаа импорттолгон

2022-жылы Кыргызстанга рекорддук сандагы жеңил унаа импорттолгон. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин маалыматына таянып, mashina.kg сервисинин аналитикалык бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат. Бул сервистин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанга 13 өлкөдөн 57 298 жеңил унаа импорттолгон: Армения105Беларусь3342Германия1186Грузия5842Казакстан995Литва8544БАЭ786Түштүк Корея10883Россия23676АКШ1404Өзбекстан486Швейцария4Япония45 2020 жана 2021-жылдары Кыргызстанга автоунаалардын импорту панд

Депутат Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Депутат Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев өлкөдөгү сүт рыногунда баанын калыптанышын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтында жарыяланды. Документке ылайык, учурда ата мекендик фермерлердин сүтүн төмөн баада сатып алуу маселеси курч турат. Жаз мезгилинин башталышы менен Кыргызстанда бул маселе жыл сайын пайда

Минкаб курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзөт – Бакыт Төрөбаев

Минкаб курулуш компанияларынын «кара тизмесин» түзөт – Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинети Кыргызстандагы курулуш компанияларынын кара тизмесин түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди, деп маалымдайт Kaktus.media басылмасы. Анын айтымында, бийлик ишенимдүү курулуш компанияларынын реестрин даярдайт. Ага үлүштүк ээлерден түшкөн эч кандай арыздар жок жана кылмыш иштери козголбогон компаниялар кирет. «Бул реестрге кирбеген

Кыргызстанда азырынча автоунаа чыгарылбайт – таштанды ташыгыч, чиркегич жана арабалар гана жасалат

Экономика

Кыргызстанда азырынча автоунаа чыгарылбайт – таштанды ташыгыч, чиркегич жана арабалар гана жасалат

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы автоунаа өндүрүшү 1.3 млрд сомдон ашкан. Economist.kg сайты өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү боюнча отчетто «Автоунаа жана башка унааларды чыгаруу» категориясына кайсы унаалар кирерин ведомстводон тактап сурады. Эске салсак, көптөгөн басылмалар, анын ичинде Economist.kg февраль айында Улутстаткомдун маалыматына таянып, Кыргызстанда акыркы жылда автоунаалардын

Россияга балык экспорту жабылды, Кытай менен БАЭ рынокторуна чыгуу керек - Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси

Россияга балык экспорту жабылды, Кытай менен БАЭ рынокторуна чыгуу керек - Балык чарба ассоциациясынын жетекчиси

Кыргызстандын балык өстүрүү тармагы Россияга жеткирүү тыюу салынгандан кийин жаңы рынокторду издөөгө тийиш. Кытайга жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөтүүнүн келечеги бар болушу мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына КР Балык чарба ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаев айтты. Анын айтымында коңшу Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын рыноктору өтө чектелген багытынан улам

«Айыл Банк» жана «РСК Банк» дыйкандарга 2 млрд сомдон ашык кредит берди

Экономика

«Айыл Банк» жана «РСК Банк» дыйкандарга 2 млрд сомдон ашык кредит берди

Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Айыл Банк» жана «РСК Банк» мамлекеттик банктарында көчмө жыйын өткөрдү. Жолугушууларда негизинен «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоорлорунун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берүү темалары талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, мамлекеттик банктар мамлекеттик саясатты алып барган банктар

Кыргызстанда балык сатуу канчалык кирешелүү жана эмне үчүн кымбат европалык балык жеми жергиликтүү тоюттан жакшыраак — интервью

Бизнес маек

Кыргызстанда балык сатуу канчалык кирешелүү жана эмне үчүн кымбат европалык балык жеми жергиликтүү тоюттан жакшыраак — интервью

Балык өстүрүү Кыргызстандагы айыл чарба ишкерлеринин арасында кеңири таралган бизнес. Бирок бул тармакта да кээ бир нюанстар бар. Балык чарба ассоциациясынын аткаруучу директору Олег Досаев Economist.kg басылмасына берген маегинде тармактын өнүгүүсү, тоют тандоонун өзгөчөлүктөрү жана жергиликтүү рынокто балык сатуу кирешелүүбү же жокпу, ошол тууралуу айтып берди. Өндүрүш көлөмү Досаев

Бишкекке Twitter, Marvell, Mozilla жана Google компанияларынын алдыңкы эксперт айымдары келет

Бишкекке Twitter, Marvell, Mozilla жана Google компанияларынын алдыңкы эксперт айымдары келет

21-апрелде Бишкекте «Кремний өрөөнүнүн STEMдеги аялдары: Ийгиликтин ачкычы» деген темада иш-чара өтөт. Анда TechWomen программасынын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүшүшөт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity билдирди. Технологиялык адистер үчүн спикерлердин арасында инжинирингден Silicon Valley Business Journal басылмасынын тандоосу боюнча «Беделдүү айым» статусуна кантип жетсе болот экендиги жөнүндө Marvell Technology

Инвестициялык агенттик Түркмөнстанга бизнес-миссия даярдап жатат

Инвестициялык агенттик Түркмөнстанга бизнес-миссия даярдап жатат

Улуттук инвестиция агенттиги Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги менен биргеликте май айында Ашхабадга бизнес-миссия уюштурууну пландаштырууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бизнес-миссия Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү из-чара болуп саналат. Кызматташтыктын багыттары туризм, өнөр жай, айыл чарба

Финмин I кварталда мамлекеттик карызды төлөөгө 9.3 млрд сом бөлдү

Экономика

Финмин I кварталда мамлекеттик карызды төлөөгө 9.3 млрд сом бөлдү

Быйылкы жылдын биринчи кварталында мамлекеттик карызды тейлөөгө 9.3 млрд сом багытталган. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тышкы карызды жабууга 6.1 млрд сом, ички карызга 2.3 млрд сом бөлүнгөн. «Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүүдө жардам берүүгө даяр

Гранттар жана кредиттер

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен жабдуу жана канализация системасын өнүктүрүүдө жардам берүүгө даяр

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорунун жол картасын жана финансылык планын иштеп чыгууда колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани Вашингтондо минкаб төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү