Кумтөрдүн кызматкерлеринин 99.7% - кыргызстандыктар

Кумтөрдүн кызматкерлеринин 99.7% - кыргызстандыктар

«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлеринин дээрлик бардыгы – 99.7% Кыргызстандын жарандары. Бул тууралуу ЖКнын отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында аталган ишкананын президенти Алмаз Барыктабасов билдирди.

Анын айтымында, ишканада 21 чет элдик адис иштейт. Алар фабрикада жана техникалык тейлөөдө эмгектенишет.

«Жетекчиликте, Бишкек жана Балыкчы шаарларындагы кеңселерде, шахтада бардык жерде кыргызстандыктар», - деди Алмаз Барыктабасов.

Ишкананын президенти министрлер кабинети Кумтөргө жаңы имарат салуу үчүн жер бөлүп бергендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды. Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында окуучулар

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Жыл башынан бери баалар 5,5% өстү: эң көп эт, жемиш жана кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады

Кыргызстанда 2026-жылдын I жарым жылдыгында керектөө баалары жана тарифтер 5,5% өстү. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь-июнь айларында керектөө баалары 4% өскөн. Быйылкы жылдын биринчи кварталында баалар 3,3%га, экинчи кварталында 2,2%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады? Жыл башынан