акыркы жаңылыктар

Баткенде 3 тоннадан ашык контрабандалык жемиштер кармалды

Баткенде 3 тоннадан ашык контрабандалык жемиштер кармалды

Баткен шаарында 3 тоннадан сырткары контрабандалык жемиштер кармалды. Бул тууралуу бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, КР жараны «Г.Н.И.» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унааны текшерүүгө алынган. Унаанын жүк бөлүгүнөн 214 кутудан жаңы лимондор табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 1 391 кг түзгөн. Жүк бажылык тариздөөнү өткөнүн тастыктаган эч кандай

Алматылыктар ышка каршы петицияга кол чогултуп жатышат

Алматылыктар ышка каршы петицияга кол чогултуп жатышат

Казакстандыктар Алматыдагы экологиялык катастрофаны таанууну талап кылышууда. Ар күн сайын 2 млн алматылыктар көп сандаган курулуш объектилеринен, автоунаалардын түтүктөрүнүн, көмүрдүн көөсүнүн жана чаңынын уулуу аралашмасынан 50 млрд жолу дем алат, деп нааразы болушат петициянын авторлору. «Биз, алматылыктар, Алматынын абасы бизди өлтүрүп жатканына унчукпай коё албайбыз, биздин эркибиз менен, акчабыз менен

Бийлик келээрки жылдары Бишкекте ыш маселесин чечүүнү талап кылууда

Бийлик келээрки жылдары Бишкекте ыш маселесин чечүүнү талап кылууда

Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды. «Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү

СӨП президенти словениялыктарды Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

СӨП президенти словениялыктарды Кыргызстанда ишканаларды ачууга чакырды

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев словениялык делегацияга Кыргызстанда бизнес ачуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан бизнес форумда айтып берди, деп «Кабар» агенттиги маалымдады. Сариев өткөн жылы Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү болгону $12.1 млн долларды түзгөнүн, бирок өсүү потенциалы

Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн 100 боз үй жөнөтөт

Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн 100 боз үй жөнөтөт

Кыргызстан түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмат билдирди. Андан сырткары, кыргыз тарап биринчи учак менен 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн

«Соң-Көл балык» чарбасында 4.5 млн даана сига-лудога балыгынын икрасы инкубацияланууда

«Соң-Көл балык» чарбасында 4.5 млн даана сига-лудога балыгынын икрасы инкубацияланууда

2022-2023-жылдарга түзүлгөн болжолдуу тапшырманын негизинде, Кыргызстандагы балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйүүдө. Бул туураалуу Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти билдирди. Маалымат боюнча Кочкор районунун «Эпкин» айылындагы мамлекеттик «Соң-Көл балык чарба» мекемесинин инкубациялык цехинде 2023-жылдын 9-февралына карата 4.5 млн даана Сига-лудога балыгынын уруктанган икрасы инкубацияланууда.

2022-жылы импорттоочулар ташып келүүчү товарларга 186 миң коштомо кагаз тариздешти

2022-жылы импорттоочулар ташып келүүчү товарларга 186 миң коштомо кагаз тариздешти

2022-жылы товарларды эсепке алуу пункттарынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө импорттоочулар ташып келүүчү товарларга электрондук түрдө 186 миң 935 коштомо кагазды тапшырышкан. Бул тууралуу Салык кызматынын коллегиялык отурумунда айтылды. Берилген коштомо кагаздардын ичинен 164 миң 915 коштомо кагаз автомобиль транспорту менен, 18 миң 184 – темир жол транспорту менен жана

AstraZeneca Казакстанда дары-дармектерди өндүрүү ишканасын ачат

AstraZeneca Казакстанда дары-дармектерди өндүрүү ишканасын ачат

AstraZeneca британ-швециялык биофармацевтикалык компаниясы Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен меморандумга кол койду. Бул тууралуу Kazinform билдирди. Маалыматка жараша, AstraZeneca менен меморандумга Казакстандын дары-дармектерин өндүрүүнү рыноктун керектөөлөрүнүн 50% чейин көбөйтүү программасынын алкагында кол коюлган. Алгачкы этапта AstraZeneca казакстандык фармацевтикалык компаниялардын базасында иштейт. Келечекте AstraZeneca тиешелүү инвестициялары менен өзүнчө

Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча комитет түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасынын алдында курулуш боюнча комитет түзүлдү

Соода-өнөр жай палатасы өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен курулуш боюнча комитетин түздү. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка жараша, комитеттин төрагалыгына «Эмарк групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындоо чечими кабыл алынып, ал кесиптештерин курулуш тармагынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгына ишендирди. Ошондой эле тараптар курулуш

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын товарларын арзан импорттон коргоо мыйзамын карады

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын товарларын арзан импорттон коргоо мыйзамын карады

Жогорку Кеңештин депутаттары «Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда карап, колдошту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов белгилегендей, мыйзам долбоору дүйнөлүк соода уюмунун алкагында эл аралык милдеттерди аткаруу, КР мыйзамдарын ЕАЭБ

Депутаттар БАЭ менен биргелешкен холдингди түзүүнү колдошту

Депутаттар БАЭ менен биргелешкен холдингди түзүүнү колдошту

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары биргелешкен холдингди түзүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Парламентте белгилегендей, ЖК жыйынында БАЭ Кыргызстанда биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору колдоп беришти. Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев биргелешкен холдинг компаниясынын уставдык фонду $100 млн түзөөрүн

Бишкектин акимиаттары бир күндүк маяналарын Түркияда жабыркагандарга жардам катары которушту

Бишкектин акимиаттары бир күндүк маяналарын Түркияда жабыркагандарга жардам катары которушту

Борбор калаанын райондук администрацияларынын жамааттары Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле борбор калаанын Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултушту.   Биринчи май районунун райондук кызматтары колдон келишинче акча чогултуу акциясын өткөрүштү.