Ноокатта «Кадастрдын» кызматкерлери 65 гектарды мыйзамсыз беришкен
Ноокат районунда 65 гектардан ашык жер аянты жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, жер тилкелери Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат жана А.Мирмахмудов айыл аймактарында жайгашкан. Алар жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлерин жер тилкелерине трансформациялоосуз жер тилкелерин мыйзамсыз берилген.