Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушту

Президент Садыр Жапаров, 2-июнда, Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын жана ишенимдин негизинде өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1