Ошто таштандыларды ылгоочу экинчи аянтча ишке кирди – фото
«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы жалпы аянты 105 кв. метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылголоочу экинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пунктка кагаз, темир, пластик жана тамак аш калдыктарын бөлүп таштоо үчүн 12 даана жаңы, заманбап контейнерлер коюлган. Мында, ишкананын кызматкери жашоочуларга таштандыны бөлүп таштоо боюнча жеринде такай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көзөмөлдөп турат.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып, таштанды ылгоолоочу аянтчаларды шаардын бардык аймагына куруу зарылдыгын белгилеп, долбоорду улантууну тапшырды.