Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтире тургандыгын билдирди. Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнын жана калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлдү. Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө зарыл