Бишкекте BIFF 2023 эл аралык финансы форуму өтүүдө

Бишкекте BIFF 2023 эл аралык финансы форуму өтүүдө

25-майда Бишкекте сегизинчи эл аралык BIFF 2023 финансы форуму өтүп жатат. Анда финансы секторундагы инновациялар, туруктуу каржылоо, ошондой эле ESG-аспекттери талкууланат. Иш-чаранын уюштуруучусу – Кыргызстан банктарынын бирикмеси.

Форумдун максаты – коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, жеке өнөктөш компаниялар, мамлекеттик органдар жана КРнын Улуттук банкы үчүн негизги тенденцияларды, ошондой эле каржы тармагынын өнүгүү вектору талкууланат. Катышуучуларга финансылык технологиялардын учурдагы абалы жана финансылык институттар тарабынан туруктуу каржылоо концепциясын киргизүүнүн перспективалары жана жашыл инвестицияларды тартуу боюнча маалымат берилет.

BIFF 2023 жыл сайын өтүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат, ал Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө пикир алмашуу, акыркы тенденцияларды талкуулоо, белгилүү бир чечимдерди иштеп чыгуу жана өнөктөштөрдү табуу үчүн мыкты аянтча болуп саналат. Форумга Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Түркия, Украина, Азербайжан, Россия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн каржы институттарынын жана IT-компанияларынын өкүлдөрү чакырылган.

Economist.kg иш-чаранын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media
Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга Burger King жана McDonald’s үчүн азык-түлүк импорттоо пландалууда

Кыргызстанга декабрь айында Burger King жана McDonald’s ресторан тармактары үчүн азык-түлүк жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы менен "РУЛОГ" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусунда Кыргызстанга бир нече ресторан бренди үчүн азык-түлүк импорттоо маселеси талкууланды. Анда тоок

Ишкер Media
Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) миссиясы менен жолугушту. Министрликтен билдиргендей, тараптар анда өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. ИӨБдүн өкүлдөрү Банктын ишмердигинин ар түрдүү багыттары, анын ичинде инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле саламаттык

Ишкер Media